Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров чек ара боюнча "өтүп кетти, кетти" деп элди дүрбөлөңгө салбагыла деген депутат Жаныбек Кыдыкбаевге жооп берди.
Бүгүн, 12-октябрда өтүп жаткан жыйында Жаныбек Кыдыкбаев чек ара маселесин мамлекет чечерин белгилеп, кээ бир коллегаларын элди дүрбөлөңгө салбоого чакырган.
"Азыр кесиптештердин бирөө, жаш жигит кечирип коёсуз атыңызды билбейт экенмин, "кээ бир кесиптештер" дейт. Ошол кесиптештердин жашына жеткенче сиз дагы далай жолу ушундай сөздөргө кабыласыз. Бир эмес беш жолу шайланыңыз ошондо тажрыйбаңыз көбөйөт, кеп эмне жөнүндө болуп атканын дагы түшүнүп алабыз. Кеп өткөрөсүңөрбү, өткөрбөйсүңөрбү бардыгы мыйзам чегинде болсун деген талап болуп жатат.
"Элди будуң-чаң кылып көтөрүп" деп. Эл акылдуу болгону үчүн сиздерге добуш берди. Эл бизге караганда көбүрөөк түшүнөт, бизден айырмаланып ошол жерде жашашат", - деди Мадумаров.