Өлкөдө 20 жаңы оорукана куруу пландалууда

Республика боюнча 20 оорукана куруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, ооруканаларды куруу үчүн казынадан 500 миллиард доллардын тегерегинде каражат керектелет.

"Бүгүнкү күндө ооруканалардын корпустарынын курулуштары жүрүп келүүдө. Бирок масштабдуу курулуштар боло элек. Саламаттыкты сактоо тармагынын инфраструктурасы жаңыланууга өтө мутаж.

Учурда болжолдуу 200 орунга ылайыкталган 20 оорукананы куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ага бюджеттен 500 миллиард доллардын тегерегинде каражат керектелет. Алдынкы 3-4 жылда куруу пландалууда", - деди ал.

Ошондой эле Касымбеков жаңы стационарлардын курулушу Бишкек жана Ош шаарындагы ооруканалардагы жүктөмдү азайтып, жарандар керектүү жардамдарды жеринде алуу мүмкүнчүлүгү болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан