Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири "Агровер" картошка агроөнөр жай кластерине барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, элчи компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси, эмгекти уюштуруу, картошканы кайра иштетүү боюнча сактоо шарттары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышты.
Сапардын жыйынтыгы боюнча, компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, элчи Кыргызстандан картошканы экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгилеп, кыргыз картошка өндүрүүчүлөрүнүн "Агровер" компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана Кыргызстандын аймагында биргелешкен өндүрүштү түзүүнү сунуш кылды.
"Жолугушуунун алкагында аталган ишкана үрөн картошкасын өстүрүү жана Кыргызстандын кызыкдар ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди. Мында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча бирдиктүү кыргыз операторун аныктоосу сунушталды", - деп айтылат маалыматта.
Элчилик тарабынан Кыргызстандан Өзбекстанга картошка жеткирүүнү иштеп чыгуу жана андан аркы кызматташуу максатында Айыл чарба министрлигинин аянтчасында жолугушууну уюштуруу сунушталды.