Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран бир аптанын ичинде төрөлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
6 миллионунчу наристе Ошто төрөлгөн. Айлин Кожошева 2015-жыл 25-ноябрь күнү Ош облустук төрөт үйүндө саат 18:12де жарык дүйнөгө келген. Айлин бул жылы 7 жашка чыкты.
Ал эми өлкөнүн беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.
"Ошентип жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү", - деп айтылат маалыматта.
1-октябрга карата Кыргызстанда 6 миллион 995 миң адам бар деп эсептелген.