Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская социалдык тармактагы баракчасына кыздарга арналган эмгегин жарыялады.
Ал эмгек эл аралык кыздар күнүнө карата арналганын жазган.
Ошондой эле "кызга кырк үйдөн колдоо" кыргыздын "кызга кырк үйдөн тыюу" деген макалынын антоними экенин кошумчалаган.
Белгилей өтсөк, 2011-жылы 11-октябрда Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан кыздардын укуктарын коргоо максатында эл аралык кыздар күнү катары жарыяланган. Буга байланыштуу 11-октябрда эл аралык кыздар күнү белгиленип келет.
Негизги максаты - кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп эсептелет.