Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар вице-спикерди шайлашты.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Аны төраганын орун басары кызмат ордуна бекитүүгө 81 депутат макул болду. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок.
Белгилей кетсек, Азыгалиев бүгүн кызматын тапшырган Улан Примовдун ордуна дайындалды.