Эртең, 14-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет тарабынан маалымдалды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Аба ырайынын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3 … 8, күндүз 21 … 26,
Талас облусунда түнкүсүн -1 … +4, күндүз 17 … 22,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7 … 12 , күндүз 21 … 26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2 … 7, күндүз 15 … 20,
Нарында түнкүсүн -1 … -6, күндүз 15 … 20,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5 … 7, күндүз 24 … 26 градус болот.