Садыр Жапаров: "Абройлуу регионалдык уюмдар чыр-чатактарды болтурбоо үчүн толук аракет кылбайт"

Бүгүн, 13-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде өлкө башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлайт.

"Бүгүнкү күндө биздин форматтын мейкиндигинде жаңы гибриддик формаларда көрүнгөн салттуу коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары калууда. Коронавирустук пандемиянын таасиринен толук чыга элек глобалдык экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирүүдө. Тилекке каршы, иштеп жаткан абройлуу регионалдык уюмдар аймактагы стабилдүүлүккө түздөн-түз таасир этүүчү чыр-чатактарды болтурбоо үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана механизмдерди ишке ашырууга толук аракет кылбайт", - деп белгиледи Жапаров.

Мамлекет глобалдык дүйнөдөгү коопсуздук көйгөйлөрү дагы бир жолу региондун мамлекеттеринин ортосунда эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги коопсуздуктун жана туруктуулуктун комплекстүү жана туруктуу системасын камсыз кылууда ишенимге негизделген кызматташтыкты түзүүгө жана тереңдетүүгө чакырарын баса белгиледи.

"Бул процессте регионалдык уюмдардын жана түзүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун уставдык максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жагынан терең талдоо максатка ылайыктуу. Бул региондун өнүгүүсүн, анын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн талдоо жана болжолдоолордун негизинде иш-аракеттер жана чаралар менен коштолууга тийиш болгон АӨИЧКти жакшыртуу процессине да тиешелүү".

Ошондой эле ал бул өңүттө мүчө мамлекеттердин алдынкы аналитикалык жана изилдөө борборлорун бириктирген АӨИЧКтин туруктуу органы болуп саналган Аналитикалык борборлор форумуна өзгөчө роль берилгенине көңүл бурду. Мындан тышкары Садыр Жапаров аймакта коопсуздукту камсыз кылуу көйгөйлөрү, Ооганстанды кайра курууга көмөктөшүү маселелери, өлкөлөрдүн турмушунун түрдүү чөйрөлөрүндө ири регионалдык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу бул аянтчанын алкагында приоритеттүү милдеттер бойдон калууга тийиш деп эсептейт.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров кыргыз тараптын экономикалык өлчөмдүн «соода жана инвестиция» тармагындагы тең-координатору болуу чечимин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө Азия дүйнөлүк экономиканын локомотиви болуп саналат, ошондуктан биздин көңүлүбүздү экономикалык багытты өнүктүрүүгө буруу өтө маанилүү. Кыргыз тарап бул жаатта жемиштүү кызматташтыкты күтөт", - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан