Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Степное айылындагы №2 аялдар абагынын жанына Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери үчүн казарма курулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
"Кийинки этаптарда казармада жылытуучу откана, кампа, душ, жуунуучу бөлмө, футбол талаасы жана спорт аянтчасы курулат",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Анын ичинде 10 жатак абак, 6 тергөө изолятору жана 10 түрмө бар.