Казакстандын Астана шаарында мыкты Жайдарман командалары жана "Азия MIX" Жогорку Лигасынын чемпиондору катышкан жаңы долбоор - JaiBattle болуп өттү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 2022-жылкы сезондун оюнчулары гана эмес, буга чейин Жайдарманда ойногон белгилүү блогерлер, ошондой эле Басс Лигасынын учурдагы чемпиондору да катышты.