Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында эл өкүлү Эрулан Кокулов элге кайрылуу жасады. Ал учурда Санэпидкөзөмөлдүн милдетин аткарып жаткандыгын айтып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып элге кайрылып жатканын белгиледи.
"Азыр курч респиратордук вирустук инфекциянын (ОРВИ) өсүп жаткан маалы. Ошондуктан кээ бир көнүмүш адаттарды токтотуп турсак, өзүбүзгө эле жакшы болмок. Маселен кол алышып, өбүшүп учурашууну азайтып турсаңыздар өзүңүздөргө эле жакшы. Азыр коронавирус илдетинин кайра келүү коркунучу бар, анткени күз мезгилинде ушул сыяктуу оорулар күчөйт", - деди ал.
Кокулов сөзүнүн соңунда элди сак болууга чакырды.