Мажитова депутаттык комиссия түзүп Кемпир-Абадга барууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 13-октябрдагы жыйынында эл өкүлү Шарапаткан Мажитова кыргыз-өзбек чек арасынын келишими боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
"Кемпир-Абад боюнча кайчы пикирлер көп болуп жатат. Мамлекет тарабынан маалымат каражаттары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсө же депутаттык комиссия түзүп жерине барып келсек. Өз көзүбүз менен көргөндөн кийин гана элге түшүндүрүү иштери боюнча жардам берсек. Себеби өз көзүбүз менен көрмөйүнчө эки жактуу болууда, парламентте деле жарымы колдоп, жарымы каршы чыгып жатат", - деди ал.
Мажитова келишимди ратификациялоого чейин маселени так, даана билип алуу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдиргенине караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 699 гектар жер алат жана анын ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан