Ирактын Өкүлдөр палатасы Абдель Латиф Рашидди президент кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Билдирүүдө айтылгандай, Абдель Латиф Рашидге 269 өкүлдүн 162си добуш берген. Ал эми анын атаандашы учурдагы президент Бархам Салех 99 гана добуш алган, 8 бюллетень жараксыз деп табылган.
"Жаңы шайланган президент дароо эле ант берип, президенттик ишине киришип Мохаммад Шайа ас-Суданини премьер-министр кылып дайындады", - деп жазылат маалыматта.
Абдель Латиф Рашид 78 жашта, кесиби боюнча инженер. Улуу Британияда билим алган. Буга чейин 2003-2010-жылдары Ирактын суу ресурстары боюнча министр кызматын аркалаган.