Ноокенде заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду

Ноокенде Достук айыл аймагына заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалымдалгандай, курулуш иштерине 4 миллион сомдон ашуун акча каражаты жумшалган. Анын 3 миллион сому республикалык бюджеттен, калган 1 миллион сомдон ашууну Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

Азыркы учурда имараттын ички, сырткы бөлүктөрү бүткөрүлгөн.

"Ичинде нөөмөт бөлүмү, административдик камера, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле жуунуучу бөлмө да ажыратылып, керектүү каражаттар орнотулду. Пластик терезелер, заманбап эшиктер коюлду. Учурда кызматтык бөлмөлөрдүн майда жумуштары калды", - деп айтылат билдирүүдө.

Достук аймактык милиция бөлүмчөсү жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүү алдында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан