Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эгерде Кыргыз жаранына катачылык менен аскерге чакыруу келсе, элчиликке, консулдукка жана башка өкүлчүлүктөргө кайрылуу керек. Элчилик андай учурда кырдаалды Орусия тарап менен чогуу жөнгө салууга аракеттенет.
Эске салсак, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги буга чейин Орусияда убактылуу иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жарандар чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылыштарга катышууга укугу жоктугун, бул мыйзам менен тыюу салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын маалымдаган.