“Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиңдеби” ырлары жаңырып. Индияда дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы белгиленди

12-октябрда Нью-Делиде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамблинин салтанаттуу концерти өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын ардактуу коноктору болуп Индиянын Тышкы иштер министрлигинин астындагы Маданий байланыштар боюнча индия кеӊеши (ICCR), парламенттин мүчөсү Винай Сахасрабудхе жана Индиянын тышкы иштер министри Радж Кумар Ранжан Сингх болушту. Иш-чарага ошондой эле Кеңештин башкы директору Кумар Тухин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле Нью-Делиде аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, маданият ишмерлери жана Индияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө кыргыз-индия мамилелеринин 30 жылдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле келечектеги пландарды белгиледи. Мамлекеттик тышкы иштер министри Р.Р.Сингх өз кезегинде Кыргызстан менен Индиянын ортосунда 30 жылдан бери дипломатиялык мамилелер түзүлүп, өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгиледи.

Кечеде «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусунда Токтогул, Карамолдо, Ыбырай жана башка чыгаан элдик композиторлордун чыгармалары жаңырды.

Кеченин солисттери Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова, ошондой эле “Кыргыз жери”, “Барам сага”, “Эсиңдеби” жана башка популярдуу чыгармаларды аткарган Кундуз Таштаналиева жана Аскат Мусабеков болду.

Мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли кыргыздын элдик бийлерин тартуулап, көрүүчүлөр дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты.

Концерт коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөргө кыргыз музыкасынын жана бийинин унутулгус кечесин тартуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан