"Көйгөйгө айланбаш керек". Муфтият депутат Арсланбек Малиевге жооп берди

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин мектепке хиджаб кийип келүүгө тыюу салуу керектигин айтканы боюнча үн катты.
Муфтияттын билдиришинче, жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек.
"Соңку убактарда социалдык тармактарда жоолук маселеси боюнча талкуулар жүрүп, кайым айтышуулардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири элибиздин Баш мыйзам аркылуу кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомдун дестабилдешүүсүнө жол ачышы мүмкүн.
Кыргыз жарандардын дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. Ислам дининде аялзатына жоолук салынуу буйругу ыйык Куранда ачык айтылган.
Билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар диний тандоолору үчүн кодуланбашы керек. Андан көрө билим берүүнү жакшыртып, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгуу абзел. Кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кийими ислам динине каршы келбейт. Ата-бабалар эзелтен улуттук баалуулуктарды бекем сактап, ошол эле учурда ислам динин дагы тутунуп келишкен.
Калкыбыздын 90 пайызы мусулманчылыкты карманат. Баш мыйзам менен кепилденген дин тутуу эркиндигин тебелеп, билим алууга ынтызар жаштардын аруу тилегин сындырганга эч кимдин акысы жок!
Ар бир бала эч тоскоолдуксуз эркин билим алууга укуктуу. Балдар биздин эң баалуу байлыгыбыз. Жаш өспүрүмдөр уучубузду улап, урпакты көбөйтүп, мамлекетибиздин туусун көтөрө турган мураскорлорубуз экендигин унутпасак. Бардыгын жоолук маселесине байлап, балдардын билим алуусуна бут тосуулар, басмырлоо жана Баш мыйзам менен кепилденген укуктарын тебелөө деп эсептейбиз", - деп жазылат Муфтияттын билдирүүсүндө.
Ошондой эле Муфтият ислам динин карманууга, исламдын принциптери менен жуурулушкан дөөлөттөрүбүздү, анын ичинде салттуу кийим-кечебизди унутпоого жана адамдардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырды.
Белгилей кетсек, Малиев буга чейин Жогорку Кеңеште окуучу кыздардын мектепке хиджаб кийип келүүсүнө тыюу салуу маселесин көтөрүп, бул мугалимдердин өтүнүчү экенин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-10-14 14:49:00
Эмне үчүн муфтият ушул убакка чейин келесоо теңирчи жепутатка реакция жасаган жок. Дагы жакшы көлдүк туугандар биринчилерден болуп чыгышты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан