Саламаттык сактоо уюмдарына кургак учук менен ооругандарды дарылоо үчүн медициналык жабдуулар тапшырылды

Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарына кургак учук менен ооругандарды дарылоо үчүн медициналык жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, USAID'дин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору №1, №2, №9 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана Темир жол ооруканасынын кургак учукка каршы кабинеттери үчүн медициналык жабдуулардын топтомун тапшырды.

"Бишкектин тубкабинеттери рентген-сүрөттөрдү көрүү үчүн негатоскопторду, перифериялык нейропатияны аныктоо үчүн камерондорду, бой ченегич менен таразаларды, Сивцев таблицаларын жана көрүүнү текшерүү үчүн Ишихар тесттерин, муздаткыч баштыктарды жана биоматериалдарды (какырыкты) ташуу үчүн контейнерлерди алышты.

Долбоордо белгиленгендей, мунун баары кургак учук менен ооругандарды амбулатордук деңгээлде башкаруунун сапатын жогорулатуу үчүн зарыл. Жалпысынан 360 миң сомдук жабдуулар өткөрүлүп берилди. Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айбек Ибраимов борбор калаанын медицина кызматкерлерине кургак учук менен күрөшүүдө материалдык-техникалык жактан гана эмес, уюштуруучулук, укуктук жана усулдук жактан колдоо көрсөткөндүгү үчүн долбоорго ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Маалымдама: USAID'дин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кургак учуктун дарыга туруктуу (ДТ-КУ) дартына чалдыккан адамдардын диагностикасын жана дарылоосун жакшыртууга көмөк көрсөтөт. Долбоор эл аралык сунуштарга ылайык Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөштү жакшыртуу үчүн системаларды, инструменттерди, ресурстарды жана адамдык потенциалды чыңдоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан