Алтынбек Деркембаев Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 14-октябрда Алтынбек Деркембаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Алтынбек Деркембаев буга чейин Улуттук телерадиокорпорациясынын "Ала-Тоо" маалымат программасында, президенттин жана өкмөттүн басма сөз кызматтарында эмгектенип, ЭлТР телеканалынын көркөм жетекчиси, Чүй облустук СТВ телерадиокомпаниясынын директору, NewTV каналынын башкы продюсери болуп иштеген.

Эске салсак, 5-октябрда Талант Мамытов өз каалоосу менен төрагалык кызматтан кеткенин билдирген. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин төрагалыгына жалгыз талапкер болгон Нурланбек Шакиев 80 макул, 6 каршы добуш менен шайланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан