Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында 13-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты.
Ушул эле күнү Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги актуалдуу маселелери талкууланды.
14-октябрда Астананын Конгресс борборунда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ МБК) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кыргызстандын сунушу менен кезектеги жыйынды 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.
Жыйында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Түштөн кийин “Борбор Азия - Орусия” саммити өттү.
Садыр Жапаровдун 12-октябрда башталган иш сапары бүгүн, 14-октябрда аяктап, Бишкекке кайтып келди.