Бишкекте жумуш издегендер үчүн вакансиялар жарманкеси өтөт

Бишкекте 18-октябрда иш издегендер үчүн бош жумуш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, жарманке саат 10:00дөн 14:00гө чейин Улуттук филармонияда өтөт. Анда 70тен ашык компания 3 000дей вакансия сунуштап, 10 университет жана 20 лицей окутуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.
"Иш-чарага катышкан жумуш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрөт. Ал эми жогорку класстардын окуучулары ишканалар менен таанышып, кесипке багыт берүү тестинен өтүп, келечекте кесибин жана окуу багытын тандай алышат. Мындан тышкары белгилүү, ийгиликтүү ишкерлер, ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери жана спикерлер абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт",- деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0 (755) 14-54-14 чалсаңыздар болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан