15-октябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунда дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырбаган айдоочуларга жүргүнчү ташууга тыюу салынат, чектөө 2023-жылдын 1-майына чейин киргизилди. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Бишкек-Ош жолунда кичи автобустар (16 орунга чейин), ошондой эле кышкы мезгилге ылайык дөңгөлөктөр тагылбаган минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. Чүй облусунун Сосновка айылындагы жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы стационардык посттордо алдын алуу иштери күчөтүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Жол инспекторлору кышкы мезгилге ылайыктуу дөңгөлөктөр менен жабдылбаган унаалардын айдоочуларын Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары аркылуу алыскы сапарга чыгуудан алыс болууга чакырат.