Бүгүн, 15-октябрда Дүйшөнбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары эки өлкөнүн чек ара тилкелери боюнча маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуулары 10-октябрдан 15-октябрга чейин уланган.
"Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларындагы чечиле элек аймактардагы линиялар боюнча пикир алмашып, Кыргызстанда өтө турган кийинки жолугушууда талкууну улантууну макулдашты", - деп айтылат маалыматта.