Токмок шаарындагы мал базарга жылкы алууга барган карыя 120 миң сом акчасын уурдатып жиберди. Социалдык тармактарда тараган видеодо аксакалга базардагылар акча чогултуп берип жатканын көрүүгө болот.
Андагы маалыматка караганда, окуя бүгүн, 16-октябрда орун алган. Мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келген аксакал 120 миң сом акчасын уурдатып жиберген.
Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп бергенин көрүүгө болот. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.