2022-жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерге кышкы Жалпы республикалык тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин өтөт.
Кабарлангандай, Билим берүү жана илим министрлигинин ЖРТны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.
Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо 2022-жылдын 17-октябрынан 27-октябрына чейин райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.
Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет.
Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: