Өзбекстанда чиновниктерге социалдык тармакта жаман сөз жазууга тыюу салынды

Коңшу Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турум эрежелери бекитилди жана тартип бузгандарга эскертүү же сөгүш берилет. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Токтомдун жарыяланган текстине ылайык, мамлекеттик кызматкерлер карапайым жарандарга жеткиликтүү болгон нерселердин көбүнөн баш тартышы керек. Маселен азыр аларга социалдык тармактарда уят сөздөрдү колдонууга, ошондой эле реформаларга ишенбөөчүлүк жараткан материалдарды жарыялоого тыюу салынды.

Ошондой эле бекитилген эрежелерге ылайык, мамлекеттик кызматкерлер кызматтык унааларын жеке максаттары үчүн колдоно албайт. Ошондой эле жакындарына жана туугандарына кызматынан пайдаланып жардам берүүгө дагы тыюу салынды.

Жогорудагы эрежелерди аткарбагандарга эскертүү же сөгүш берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан