"Евровидение-2023" музыкалык сынагына 4 өлкө катышуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Анда музыкалык сынакка Черногория, Болгария, Босния - Герцеговина жана Түндүк Македония катышуудан баш тартканы айтылат. Аталган өлкөлөр программага кызыкдар болбогондуктан улам ушундай чечимге келгендигин белгилеген.
Белгилей кетсек, музыкалык сынак 2023-жылы Ливерпулда өтөрү маалым болгон.