
Орусияда адаттан тышкары жыныстык мамилелерди пропагандалоого тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери
Вячеслав Володин билдирди.
Володин ЛГБТны пропаганда кылууга тыюу салган мыйзамды бузгандарга кандай жоопкерчилик караларын айтты. Ал тийиштүү мыйзам долбоору 27-октябрда карала турганын кошумчалаган.
"ЖМКларда, китептерде, интернетте, кинодо, жарнамада төмөнкүлөргө тыюу салынат: ЛГБТны, педофилияны пропагандалоо, ЛГБТны элге жар салып көрсөтүү жана жынысын алмаштырууну каалоосун ойготкон маалыматтар. Биз өз жарандарыбыз менен Орусияны деградация жана тукум курут болуудан сакташыбыз керек. АКШ жана Европа мамлекеттери тарабынан каптаган караңгылыктан коргошубуз зарыл", - деп жазган төрага.