Шакиев: "Мыйзам долбоорлорунун түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек"

Жогорку Кеңеште иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин аппаратынын бөлүм башчылары жана орун басарлары менен болгон жыйында билдирди.

Жолугушууга тармактык комитеттердин бөлүмдөрүнүн жана парламенттик фракциялардын катчылыктарынын да жетекчилери катышты. Анда төрага Жогорку Кеңеш заманбап шартка жана жаңы чакырыктарга ылайык иш алып барышы керектигин белгиледи.

"Биз бардык иш кагаздарды кыргыз тилинде даярдаганда кынтыксыз, катасыз даярдашыбыз керек. Биз бардыгына үлгү болушубуз керек. Өкмөткө да, биздин мыйзам чыгаруучу демилгечилерге дагы бардык мыйзамдар алгач кыргыз тилинде жазылып, даярдалып анан расмий тилге которулсун деген сунуш берели. Бизде тескерисинче, алгач расмий тилде жазылып, андан кийин кыргыз тилине которулуп жүрөт. Бул туура эмес. Каталарга жол берүүнүн биринчи себеби - кыргыз тилинде жазылбагандыкта", - деди Шакиев.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдары жана чечимдери катасыз, кынтыксыз жана келечектүү болгондо кадыр-баркка ээ болорун белгиледи.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялаган.

Жогорку Кеңеш 18.10.22
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан