Эл өкүлү Динара Ашимова Франциянын Страсбург шаарында өткөн Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын сессиясында Европа өлкөлөрүн Тажикстанга курал-жарак сатууга тыюу салууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ашимова ал жыйында 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда 63 жаран набыт болуп, жай тургундар жабыр тартканын маалымдаган, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыларды тажик тарапка сатууга эмбарго киргизүүгө чакырган.
"Кыргызстанга куралдуу кол салып, көп сандаган курмандыктарга жана инфраструктурага зыян келтирген тажик тарапка курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатууга жол берилбеши керек”, - деген Ашимова.
Ошондой эле ал эл аралык коомчулукту Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине каршы Тажикстандын жасаган агрессиялык актысын айыптоого үндөгөн.
ЕКПАнын сессиясынын жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалууну басууга чакырган жамааттык билдирүү кабыл алынган. Ага Германия, Италия, Австрия, Бельгия, Испания, Швеция, Норвегия, Португалия, Румыния, Хорватия, Кипр, Словения жана Ирландиядан келген 25 депутат кол койгон.
Билдирүүдө ЕККУнун Хельсинки корутунду актысында каралган милдеттерди аткаруу, анын ичинде ок атышууну токтотууну натыйжалуу ишке ашыруу, аймактык бүтүндүктү жана учурдагы чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо, күч колдонуудан баш тартуу, жоготууларга жол бербөө жана тезирээк чыңалууну басаңдатуу зарылчылыгын эске салышканы айтылат.