ЭЛДИК КАБАР: "4 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келебиз" дейт окурман

Бишкектин четиндеги Алтын-Казык конушунда 40ка жакын үй-бүлө электр жарыгы жок 4 жылдан бери жашап келет. Мындай билдирүү окурман тарабынан ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.

Айтымдарында, 2018-жылдан бери электр энергиясы жок күн кечирип келишет.

"Таштанды полигонунун күн чыгыш тарабында жашайбыз. Бул жерде 40ка жакын үй-бүлө бар. 2018-жылдан бери электр жарыгы жок. Быйыл февраль айында өкмөт тарабынан мамы орнотулуп, зым тартылган. Трансформатор дагы коюлган. Бирок электр энергиясы тургундарга бериле элек.

"Түндүк электр" ишканасы март айына чейин электр жарыгын беребиз деп убада кылышкан. Бирок андан дайын жок. Кичинекей балдарыбыз менен кыйналып кеттик. Тиешелүү тараптар карап, жардам берип койгулачы, сураныч", - деп айтты окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"4 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келебиз" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан