Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетүүгө даяр экенин билдирди.
"Өткөн аптада өкмөт келишимдин долбоорун алып келип, макулдук бергиле деп сурашты. Кагаздар толук берилген жок, бизди шаштырышты. Мен кол койгон жокмун. Мен баарын регламенттин негизинде алып бардым. Тынч ээлеген төрагалыктан кетейин деп чечтим. Учурда комитет төрагалыгынан кетишим керек деген сөз пайда болду. Бардыгын түшүнөм. Арыз жазганга даярмын. Убакыт баарын көрсөтөт. Эл бизге баа берет", - деди Айдарбеков.
Ошол эле учурда ал комитет төрагалыгынан кетишиң керек деген сөз ким тарабынан айтылганын ачыктаган жок.