Акылбек Жапаров: "Кыргыз-Тажик чек арасын чечип берели"

Чек ара маселеси Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы жана келечеги. Мындай пикирин бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди.

"Бүгүн баарыбыз, ушул жерде отурган депутаттар чек ара маселесин чечип бербесек болбойт. Бул Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы жана келечеги. Кыргыз-Тажик чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия мамлекети да өз позициясын билдирди. Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасындагы жер бөлүштүрүү чечимдеринин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Тастыктап беришсе Кыргыз-Тажик чек арасындагы макулдашууларга бир кадам жакындаган болот элек. Биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз. Бардык маселени тынчтык жолу менен сүйлөшүп бүтүүгө болгон күч-аракеттерибизди жумшайбыз", - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров: "Кыргыз-Тажик чек арасын чечип берели"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан