Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Русланбек Жакышов айыл чарба министринин ишмердүүлүгү чабал болуп жатканын айтып, сынга алды.
"Каникул учурунда аймактарды кыдырдык. Айыл чарба продукцияларын азыркы учурда да сата албай жатышат. Баары арзан, ошол эле коңшу өлкөлөрдө 10 эсе кымбат сатып жатышат. Эң узак мөөнөт отурган министр катары сиздин бир дагы алгылыктуу ишиңизди көргөн жокпуз", - деди Жакышов.
Ошондой эле ал министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, "Ушуга окшогон министрлер таң калычтуу да. Кайсы бийлик келбесин министрликтен түшпөйт. Мунун кандай сыры бар, артында ким турат?", - деп суроо салды.
Ага Акылбек Жапаров: "8 айдын жыйынтыгы менен айыл чарба тармагында 8,5 пайыз өсүш болуптур. Мен Аскарбек Жаныбековду күнөөлөй албайм. Жалпысынан абдан жакшы иштеди", - деп жооп берди.