Абитуриенттер үчүн кышкы ЖРТга каттоо онлайн жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо онлайн жүргүзүлөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Маалым болгондой, ЖРТга каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин ББОУБнын электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

  • Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
  • ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
  • Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.
"Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдар катыша алат. 2023-жылдын бүтүрүүчүлөрү (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери) ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) каттоого катыша албайт", - деген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева.

Абитуриенттерди кабыл ала турган жогорку окуу жайлардын тизмеси шилтемеде.

Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин ЖРТны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө буйругу бекиген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан