Маматалиев Яндекстин ордуна ата мекендик такси кызматын ачууну сунуштады

Яндекс таксини жоюп, ордуна ата мекендик такси кызматын киргизели. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Марлен Маматалиев билдирди.

"Бишкекте транспорт маселеси көйгөй жаратууда. Карапайым эл үйдөн жумушка каттаганда кыйналып жатат. Атүгүл окуучуларга да көйгөй болууда. Экинчиден, такси кызматы боюнча да көйгөйлөр бар. Маселен, Яндекс такси жаңы иштеп баштаганда 80 сомдон баштады эле, азыр 400-500 сомго чейин чыгып кетти. Мындай болушу мүмкүн эмес. Анда монополия боюнча мыйзамдын негизинде текшерүүгө алыш керек. Эмне үчүн баары көтөрүп жатат? Эмне бензин кымбаттап жатабы? Жок, тескерисинче акырындан арзандап жатат, дагы арзандайт. Анда эмне кылат? Булар элди кыйнап, бааларды негизсиз көтөрүп алды", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал Яндекс такси кызматынын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, анын ордуна KG деген аталыштагы ата мекендик такси кызматын киргизүүнү сунуштады.

Маматалиев Яндекстин ордуна ата мекендик такси кызматын ачууну сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан