Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева Баткендеги чек арага жакын айылдардагы мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүп турууну сунуштады.
Ал Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактардагы калк кооптонуу менен жашап жатканын жүйө келтирди.
“Интернет айдыңында ар кандай видеолор тарап жатат. Ошондон улам ар бир минута кыжаалатчылык менен өтүүдө. Жергиликтүү элдин да суранычы болуп жатат. Аялдар, балдар коркуп жатат. Андыктан мектеп, бала бакчалардагы билим-тарбия иштерин убактылуу онлайн негизде жүргүзө туруу керек”, – деди Талиева.
Ошондой эле ал 16-17 сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда эл өзү качканын айтып, анда мектептерде балдары калып, бири-бирин таппай калган учурлар болгонун кошумчалады.