
Бүгүн, 20-октябрда эл өкүлү
Адахан Мадумаров Баткенге АКШнын аскер делегациясы эмнеге келгенине кызыкты.
"Баткенге АКШнын аскер делегациясы келип, аны биздин министрликтин орун басарлары тосуп алып, чоң иш-чаралар өтүп жатат. Бул эгемен өлкөгө, болгондо дагы кошуна мамлекет менен кырдаал чыңалып турганда болуп көрбөгөндөй жорук.
Биз ЖККУнун мүчөсүбүз, өнөктөш катары түшүнүксүз маселе болуп жатат. АКШ менен биздин аскердик кызматташуу боюнча келишим жок. Анан кантип алар Баткенге келип калды, ким чакырды, кандай макамда келди? Ушул боюнча бүгүн кечке чейин жооп берип койсоңор", - деди ал.
Ошондой эле Мадумаров бул биздин мамлекеттин тышкы саясатына өтө опурталдуу өзгөртүү киргизүүчү позиция экенин белгиледи.
Президенттин парламенттеги өкүлү
Алмасбек Абытов аталган маселени тактай турганын, керек болсо тиешелүү органдар келип маалымат беришерин айтты.