Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековду кызмат ордунан чакыртып алуу маселеси каралууда. Анда эл өкүлү Адахан Мадумаров депутаттардын мындай аракетин сынга алды.
"Айдарбековдун жумушуна нааразылыктар болсо, мыйзамды бузуп жатса айткыла. Эмне себептен кызмат ордунан чакыртып алышыбыз керек? Себебин айтсаңар, андан кийин бул киши дагы жообун айтса. Анан сен мага жакпай калдың, кызматтан кетишиң керек дей бере турган болсок, эртең өзүңөрдүн да башыңарга түшөт. Жүйөлүү бир себебин айткыла да. Ар бирибиздин башыбызда бар. Айыпсыз жазаланган бул өтө оор жагдай. Жалган күбөлүк берүү мусулманчылыкта да оор жагдай, адамгерчиликке да жатпайт",- деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбооруна комитеттин төрагасы катары кол коюудан баш тарткан. Жабык жыйында долбоор комитеттен 6 макул, 4 каршы добуш менен колдоо тапканы маалым болгон.
Айдарбеков өзү каршы добуш бергенин билдирген. Мындан кийин ал төрагалык кызматтан кетиши керектиги айтылып жатканын белгилеген. Ошол эле учурда андай сөз ким тарабынан айтылганын ачыктаган эмес.