ЭЛДИК КАБАР: Тургун Айдаркенде бир суткадан бери электр жарыгы жок экенин айтты

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Баткен облусунун Айдаркен шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман Айдаркен шаарында жана айылдарында кечээ үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келбей жатканына даттанды.

"Кечээ күнү кар жааганда авария болуп электр жарыгы өчкөн. Бир суткадан бери электр энергиясы жок. Эл кыйналды. Кичинекей балдар бар, үй суук болуп үшүп жатышат Электр жарыгына акчасын убагында төлөйбүз. Шалаакылык кылышпай убагында карашпайбы?" - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kushu_0703
2022-10-20 18:31:00
Ноокатта Биздин айылда деле жок Безилдей бербегилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан