Бүгүн, 21-октябрда Армениянын президенти Ваагн Хачатурян Ереван шаарына (Армения Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген өкмөт башчыларын кабыл алды. Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышканын өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун катышуучулары евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү, кооперацияны чыңдоонун маанилүүлүгү маселелерин талкуулашты.
Акылбек Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянга өлкө башчы Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду. Ошондой эле ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин органдарында төрагалык кылуусу алкагында биздин өлкө өткөргөн эл аралык иш-чараларга армян тараптын активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдиргени айтылат.