Коңшу Казакстандын Алматы шаарынан Бишкекке уча турган жүргүнчүнүн телефон кубаттагычы (пауэрбенк) аэропорттон жарылып кетти. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүнүн пауэрбенки аэропорттун учуу залында текшерүү учурунда жарылып кеткен. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
"Алматы" эл аралык аэропорту запастык батарейкалар, анын ичинде энергия булактары, кол жүктө ташылышы керек экендигин белгиледи.