ЖККУ Кыргызстан кийинки машыгууларга сөзсүз катыша турганын жарыялады

Кыргызстан ЖККУнун кезектеги биргелешкен машыгууларына сөзсүз катышат. Бул тууралуу ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоров Тажикстандагы өткөн машыгууларга кыргыз аскерлеринин катышпаганы тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.

"Кийинки машыгууга кыргыз аскерлери сөзсүз катышат. Кыргызстан жыл ичинде бардык даярдыктарга, консультацияларга, кадрдык сүйлөшүүлөргө катышты. Башкача айтканда, иш-чаралардын бардык комплекси алардын катышуусу менен өткөрүлдү, бирок кырдаал ушундай өнүккөндүктөн алар Тажикстандагы машыгууга катышпоо жөнүндө чечим кабыл алышты", - деди ал.

"Рубеж-2022" машыгуусу Тажикстанда болуп өттү. Машыгууга Казакстан, Орусия жана Тажикстан катышты. Кыргызстан ЖККУнун катчылыгына алдын ала маалымат берип, машыгууларга катышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан