Бүгүн, 24-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Korea Telecom Corporation (KT) компаниясынын аткаруучу директору Хёнмо Кунун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, жолугушуу Сеул шаарында орун алды. Анда тараптар Кыргызстан менен КТ корпорациясынын ортосундагы кызматташтык активдешкенин, тактап айтканда 2022-жылдын башында Бишкекте компаниянын өкүлчүлүгү ачылганын жогору баалашты.
Ошондой эле Кыргызстанга тиешелүү мамлекеттик органдары менен кореялык компаниянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын талкуулашты.
"Министр Кулубаев Кыргызстанда санариптештирүү тармагындагы адам ресурстарынын потенциалын жогорулатууга багытталган IT-борборун түзүү долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аткаруучу директор Хёнмо Ку өз кезегинде компания кыргыз тарап менен ийгиликтүү кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Мындан тышкары КТ корпорациясынын делегациясынын ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасына пландалган иш сапары жана анын жүрүшүндө санариптештирүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде "Соода кызматтарын көрсөтүүчү провайдерди" түзүү долбоорун талкуулоо пландаштырылгандыгы тууралуу маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.