Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Шабданбек Алишев дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев бүгүн, 24-октябрда кол койгонун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Шабданбек Алишев 1980-жылдын 3-октябрында туулган. Жогорку билимдүү. 2011-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси, 2011-жылдан 2021-жылга чейин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде ар кандай кызмат орундарында иштеген.

2022-жылдын 1-февралынан тарта Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директорунун орун басары болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан