Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны бузган төрт чет элдик жаран чек арадан кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар 22-октябрь күнү "Жасөркен" чек ара бекетинен кармалган.
"Биргелешкен издөө иш-чараларынын натыйжасында, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана УККнын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек арасын бузган төрт чет элдик жаран кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.