Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин кеңсесинин сайтына кириллицадан латын алфавитине өтүү петициясы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, мындай сунуштун авторлору президентке украин алфавитин латын алфавитине өткөрүүнү колдоого сунуш киргизишкен.
Авторлордун айтымында, латын алфавитине өтүү учурдун талабы. Аталган петиция Зеленський тарабынан каралышы үчүн 25 миңден ашуун добуш алышы керектиги айтылат маалыматта.