Корея Кыргызстанга инфекциялык оорукана курууга жардам берет

Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын Эксимбанкынын вице-президенти Пак Жонг-Кю менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана транспорт инфраструктурасы тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Анын ичинде:

  • 1. Айыл жерлерин суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу;
  • 2. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн жол куруу техникасы жана жабдуулары;
  • 3. Улуттук госпиталдын жаңы имаратын куруу жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Кореянын Эксимбанкы менен кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү Корея Республикасы менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын министр Жээнбек Кулубаев белгиледи.

"Республикалык инфекциялык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу" долбооруна өзгөчө көңүл бурулду. Кулубаев белгилегендей, бул долбоор Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ жана иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүүгө, аны заманбап медициналык жабдуулар менен жабдууга, ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди жаңы жабдууларды колдонууга үйрөтүүгө жана көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.

Тараптар бул долбоорду тез арада ишке киргизүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого макулдашышты. Пак Жонг Кю өз кезегинде корей тарап Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташуу фонду (EDCF) аркылуу долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгилеп, долбоорлорду, анын ичинде инфекциялык оорукана долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан