Нурийла Анарбаева - акын, журналист, Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, өрүкзарлуу Баткендин кызы. Бир канча китептердин автору. Эки кыздын сүйүктүү апасы.
Ал 1987-жылы Баткен районунун Дара айыл аймагында жарык дүйнөгө келген. Учурда аскер кызматында эмгектенет. Ага чейин журналистика тармагында иштеген.
Төмөндө Нурийла Анарбаеванын калемина таандык ыр саптарын сунуштайбыз:
"Аманат" аттуу ыр саптары Баткенде орун алган Тажикстандын соңку агрессиясы учурунда жазылган. Душмандын огунан мекенин, эли-жерин коргоп шейит кеткендер үчүн арналган. "Баткенибизде мындан ары эч качан согуш болбой, дайыма тынчтык болуп, өнүгүп-өсүп гүлдөсүн", - дейт акын.
Аманат
(Баткендеги кагылышууда курман болгон баатырлардын жаркын элесине)
Ата Журтун сүйгөн үчүн жүрөгү,
Сагынычы агып турган канында.
Окко учкан боз уландын түнөгү,
Учуп жүрөт ак булуттун жанында.
Мекен бүгүн аза күтүп энедей,
Ак элечек Ала-Тоого жөлөйт баш.
Асман ыйлап Жер Энени кучактап,
Каректерге байырлады ачуу жаш.
...Кечээ кырда чыбык минип ат ойноп,
Боз баланын артынан жел кубалап.
Баёолугун таппай калды бу жарык,
Боз баласын таппай калды Ата-Журт...
Баратышат бир Мекенди көтөрүп,
Боз топурак.
Боз уланды кучактап...
Баатыр уулун бараткандар топурап,
Мекендешет түбөлүккө ызаттап.
...Душманына тебелетпей өз жерин,
Жанын берген азамат эр жеткенин.
Кайраттанып, бир солк этип алдың да,
Коюнуңа кучактадың, Мекеним.
Ажал сунган жаңылаарда ошол ок,
Баягы эле боз баладай чуркаган.
Тентек уулуң акыркы ирет эркелеп,
Асманыңды өпкөн бойдон уктаган.
Ала-Тоону бизге таштап аманат,
Өзү көктө канат сермеп сабалап.
Мекен үчүн Мекен болгон эрдигиң,
Ар бир уулдун кан-жанында айланат.
Баатырдыгың бизге калган аманат...
"Эргүү ар кайсы учурда келет", - дейт акын. Каарманыбыз кээде кайгырганда колуна калем кармаса, кээде аябай сүйүнгөн кезде ыр жазат. Анын айтымында ар бир ырдын тарыхы болот. Мисалы "Бөлүгүмүн табияттын" аттуу ыр саптары табият койнунда эс алып отурганда жазылган. Таза аба жана кооз жаратылышка болгон суктануу ушул ыр саптарынын жаралышына алып келген.
Бөлүгүмүн табияттын
Жаз сындуумун!
Жакшы ыр жазсам ошол түнүм уйкусуз,
Жакут тапкан кум учурган куюндан.
Жаш баладай күлүп, анан чыргоолоп
Күлкү тапкан ыйымдан да, сыйымдан.
Күзгө окшошмун!
Күлгөнүмдө карегиме Күн түнөп,
Жүрөгүмдө турат сүйүү уялап.
Жалбырактар... Көнүл назик үлбүрөк
тамчы тамат, карек ылдый куланат.
Кышты сүйөм!
Кар оронгон тоолорго окшоп бийикмин,
Этегине таштар келип урунган.
Оо, чексиздик! Жаным сага бириксин,
Туздуу көлдүн даамын таткын ырымдан...
Эмнеге кечигесиң?
Келем деп кечигесиң,
Кезигип кечир дейсиң.
Айтчы бул кандай жорук,
Дагы эле сезимдесиң?
Көлдөгөн көз жаш агып,
Чөлдөгөн сезим анык.
Сүйгөнүн ыйлатат ким,
Сүйбөстөр жасайт айып.
Ай чыкса асманымда,
Ак шоола жарыгында.
Атыңды окуу үчүн,
Агылам ыр сабында.
Күлкүсүн төшөп жерге,
Күн күлсө теребелге,
Күтүүдөн чарчабаган,
Карегим калат сенде.
Өзүң барда
Эх, жаным эзилеби, жанчылабы,
Эс таппай анан сыздап ыр курабы?
Эми эле бышактаган карегимде
Эми эле күлүп чыккан Күн турабы?
Тоолордун чокусуна суктангандай,
Жакшы ырды жаратууга шыктангандай,
Сен деген сезимдерге гүл өстүрүп,
Баратам тирүүлүккө кумар канбай.
Анткени сен бар сезим отун жаккан,
Кусадан кубанычтын көзүн тапкан.
Теребел түн жамынса, сен ай болуп,
Терезем ак жарыкка уюп жаткан.
Жыбырап жылуу сезим кытыгылап,
Жылдыздар саманчынын жолун улап.
Жол жатат экөөбүздү тосуп алчу,
Күтүүдөн санаа басат. Уйку качат.
Келесиңби?
Издетип карегиңди,
Калтырбай дарегиңди.
Кетипсиң коштошуусуз,
Айтпай жөн, себебиңди.
Жоктотуп жомогумду,
Жомоктой обонумду.
Сен жокто билесиңби,
Чачылып тозоорумду?
Баратам сени издеген,
Ийри, түз жолдор менен.
Билбеймин качан, кайдан,
Кезигем өзүң менен?
Таптырбай кетесиңби,
Таңымдан кечесиңби?
Тагдырдан ала турган,
Жазамды бересиңби?
Же күтүп жарым жолдон,
Жашоомдун жазы болгон.
Жар болуп каласыңбы,
Жеңилим алып колдон?