Парламентте саясатчы, активисттердин кармалуусу боюнча маалымат берилди

ИИМ тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү деген жүйө менен шектүү катары кармалган бир катар саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасы каралып, натыйжада 20 киши камалып, 1 адам ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Жыйында комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков камакка алуунун негиздемесин сурап: “Айрыкча аялдардын кармалышына карата коомчулукта суроолор көп болууда. Андан тышкары, үй-жайларын тинтүү чечими эмненин негизинде кабыл алынды. Бул боюнча соттун чечими барбы?”- деди.

Ага министрдин орун басары бардык тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында жүрүп жатканын айтып, тинтүү, кармоо жана башка тергөө иштери прокуратура жана тергөө судьясы тарабынан мыйзамдуу деп табылганын билдирди.

Ал эми депутат Русланбек ЖакышовКармалгандарды эмне үчүн ар кайсы жакка таратып, бирин Токмокко, бирин Сокулукка чейин алып барып камап жатасыңар?” – деди.

Башкы прокуратуранын өкүлү муну Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларда орун калбагандыгы менен түшүндүрдү.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү берилген маалыматты эске алуу менен тиешелүү мекемелерди тергөө иштерин ар тараптуу, калыс жүргүзүүгө чакырган чечим кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан